АКШда начар аба шарттары күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө

АКШда аба шарттарынын начарлашы жана жолдордо муз тоңуудан улам  болгон жол кырсыктарында 11 киши каза болду.

1584518
АКШда начар аба шарттары күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө

АКШда аба шарттарынын начарлашы жана жолдордо муз тоңуудан улам  болгон жол кырсыктарында 11 киши каза болду.

Кыш шарттары өлкөнүн батышындагы Орегон аймагынан түштүк чыгышындагы Тексаста турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.

CNNдин билдиргенине караганда жолдордо муздун тоңушу менен 11 -  февралдан бери 11 киши, алардын ичинен Тексаста болгон үч кырсыкта 9 киши, Кентуки жана Оклахомада бирден киши каза  болду.

Улуттук метеорология  кызматы өлкөдө 170 миллион кишинин начар аба шарттары жана муз тоңуу боюнча эскертилгендигин белгилеп, Алабама, Орегон, Оклахома, Кансас, Кентуки, Миссисипи жана Техаста  чукул абал жарыяланды.

Тексас губернатору Грег Абботт жарандарды мажбур болмоюнча  унаа менен гчыкпоо боюнча эскертип : «Бул Тексас тарыхында эч болбогон кыш»,- деди.

PowerOutage сайты Тексас жана  катуу суук болгон штаттарда электр үзгүлтүктөрүнүн болгондугун белгиледи.

Суук аба-ырайынын түндүк уюлдук аймактан келген күчтүү жогорку басым системасынан улам болгонун айткан метеорологдор эртеңден баштап кар жана муз тоңуунун өлкөнүн түштүктөн түндүк-чыгыш штаттарына өтөрү күтүлүп жаткандыгын билдиришти.  



Тектеш кабарлар