Жо Байден 19 - февралда Г - 7 лидерлер саммитине катышат
Г – 7 лидерлеринин саммитинде Жо Байдендин Ковид - 19 эпидемиясы менен күрөш жана глобалдык экономиканын кайрадан курулушу темаларын карап чыгат.
АКШнын президенти Жо Байден 19 - февраль жума күнү видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган Г – 7 лидерлеринин саммитине катышат.
Ак үйдөн берилген маалыматта өткөн жылы апрель айынан бери биринчи жолу өткөрүлө турган Г – 7 лидерлеринин саммитинде Жо Байдендин Ковид - 19 эпидемиясы менен күрөш жана глобалдык экономиканын кайрадан курулушу темаларын карап чыгары билдирилди.
Маалыматта Байдендин саммитте Ковид - 19 вакцинасын чыгаруу, таркатуу жана жеткирүү менен ортого чыккан жугуштуу оорулар коркунучуна карата саламаттыкты каржылоо тууралуу кызматташуу түзүүгө көңүл бурары билдирилип, Кытай себеп болгон экономикалык кыйынчылыктар менен глобалдык климаттык кризистин да күн тартибинде болору белгиленди.
Тектеш кабарлар
Калкы эң көп өлкө Индия
Калкынын саны 1, 441 миллиардга жеткен Индиянын "эң көп киши жашаган өлкө" экендиги билдирилди.
Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти
Израилдин Газа тилкесине 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.