Жаңы СТАРТ келишими 5 жылга узартылды

2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген 10 жылдык келишим 2021-жылдын 5-февралында аяктамак.

1574037
Жаңы СТАРТ келишими 5 жылга узартылды

Россиянын президенти Владимир Путин Стратегиялык куралдарды азайтуу боюнча жаңы келишимди (Жаңы СТАРТ) 2026-жылдын 5-февралына чейин узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду.

"Жаңы СТАРТ" келишими - Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Советтик Россия менен 1991-жылы жана Россия Федерациясы менен 1993-жылы кол койгон Стратегиялык куралдарды азайтуу келишимдеринин (СТАРТ- 1 жана СТАРТ- 2) кеңейтилиши мүнөзүндө.

Бул Вашингтон менен Москванын ортосунда колдонулуп жаткан акыркы өзөктүк келишим болуп саналат. Келишим, алыс аралыкка атуучу ядролук куралдын дүрмөттөрүнө жана ракеталарына чектөө койду.

2011-жылдын 5-февралында күчүнө кирген 10 жылдык келишим 2021-жылдын 5-февралында аяктамак. 



Тектеш кабарлар