Швейцария парламенти "антитеррордук мыйзам долбоорун" кабыл алды

Мыйзамга ылайык, өкмөткө каршы кыймылдар да терроризм деп эсептелсе болот.

1574025
Швейцария парламенти "антитеррордук мыйзам долбоорун" кабыл алды

 Швейцария парламенти "антитеррордук мыйзам долбоорун" кабыл алды.

Мыйзамга ылайык, өкмөткө каршы кыймылдар да терроризм деп эсептелсе болот.

Терроризм менен байланышпаган кыймылдар дагы терроризмдин астындагы кылмыш катары кабыл алынат.

Мыйзамда террордук актылардын жана террорчулардын аныктамасы да бир топ татаал жана бул маселе боюнча чечим толугу менен коопсуздук күчтөрүнүн демилгесинде. Бул беренелер 12 жашын толтурган балдарга да тиешелүү болот.

Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлдөрү Швейцариядагы мыйзамды "дүйнөдөгү эң катаал" мыйзам деп баса белгилеп, мыйзамдын адам укуктарына каршы мүнөздө экенине көңүлдөрдү бурушту.

Европада чет өлкөлүктөргө жана исламга каршылык  барган сайын көбөйүп бараткан шартта, расисттик көз - караштагы полиция кызматкерлеринин жаңылыш чечим чыгарышы  мүмкүн экендиги ойлонулууда.

Бул абалдар боюнча саясий партиялардын жаштар уюмдары биргелешкен иш алып барышты. Мыйзамдын кайрадан коомчулук тарабынан добушка коюлушу үчүн кол топтоодо керектүү сандагы кол топтолду. Элдик добуш берүнүн күнү азырынча тактала элек.



Тектеш кабарлар