Россияда Навальныйдын бир тууганы, адвокаты жана штаб координатору үй абагына чыгарылды

Крмелдин катчысы Дмитрий Песков  митингдердин «мыйзам тышы жана кабыл алынгыс» экендигин жактады.

1573991
Россияда Навальныйдын бир тууганы, адвокаты жана штаб координатору үй абагына чыгарылды

Россияда камактагы оппозициячыл Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальный, адвокаты Любов Собол, жеке дарыгери Анастасия Васильева менен Москвадагы штабдын координатору Олег Степанов үй камагына чыгарылды.

Москвада Тверской аймактык сотунда камактагы Навальныйдын эркин койо берилиши үчүн өткөн жумада өткөрүлгөн уруксатсыз митингдерде «медициналык жана эпидемиологиялык эрежелер бузулган» деген негиз менен сот өткөрүлдү.

Сотто күнөөлүү деп табылган Нвальныйдын бир тууганы Олег Навальный, адвокаты Собол, жеке дарыгери болгон Дарыгерлер Биримдиги Профсоюзунун башкаруучусу Васильева менен Москвадагы штаб координатору Степановага 23 -  мартка чейин үй абагы жазасы берилди.

Россиядагы  феминисттик панк-рок "Пусси Риот" тобунун мүчөсү Мария Алехина да үй абагына чыгарылды.

Орус полициясы орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын Москвадагы  квартиралары жана Коррупция менен күрөшүү фондунун кеңсесинде «медициналык жана эпидемиологиялык эрежелер бузулду» деген негиз менен 27  -  январда  тинтүү жүрүгүзгөн. Нвальныйдын бир тууганы, адвокаты Собол жана Дарыгерлер Биримдиги Профсоюзунун башкаруучусу Васильева камоого алынган.

Навальныйдын эркин койо берилиши үчүн он миңдеген киши катышкан уруксатсыз митинг 23 -  январда өткөрүлдү. Жалпы өлкөдө болгон митингдерде 3000ден ашуун кишинин камоого алынгандыгы билдирилди.

Крмелдин катчысы Дмитрий Песков  митингдердин «мыйзам тышы жана кабыл алынгыс» экендигин жактады.

Навальный да 31 -  январда митингдердин кайрадан башталарын жарыялаган.



Тектеш кабарлар