Путин менен Алиев түрк-орус биргелешкен борборуна байланыштуу сүйлөшүү өткөрүштү

Сүйлөшүүдө бул борбордун Тоолуу Карабахтагы абалды мындан ары турукташтырууга жана аймакта жетишилген келишимдердин талаптагыдай аткарылышына салым кошот деген ишеним айтылды.

1574212
Путин менен Алиев түрк-орус биргелешкен борборуна байланыштуу сүйлөшүү өткөрүштү

Россиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Тоолуу Карабахта түзүлгөн Түрк-орус биргелешкен байкоо борборуна байланыштуу абалды талкуулашты.

Россиянын Президенттик Сарайы (Кремль) тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Путин менен Алиевдин телефондогу сүйлөшүүсүндө Тоолуу Карабахтагы ок атышпоо режиминин алкагында бүгүн өз ишин баштаган Түрк-орус биргелешкен байкоо борборуна байланыштуу кырдаалдын каралып чыккандыгы белгиленди.

Билдирүүдө: «Бул борбордун Тоолуу Карабахтагы абалды мындан ары турукташтырууга жана аймакта жетишилген келишимдердин талаптагыдай аткарылышына салым кошот деген ишеним сүйлөшүүдө айтылды» делди.

Азербайжан армиясы 2020-жылы 27-сентябрда баштаган операцияда 5 шаардын борбору, 4 шаарча жана 286 айыл бошотулгандан кийин Армения 10-ноябрда жеңилүүнү кабыл алып, басылып алынган Агдам, Лачин жана Келбежер провинцияларын эвакуациялоону убада кылган декларацияга кол койгон болчу.

Декларациянын беренелеринин биринде тараптардын ок атышпоо режимине баш ийүүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында байкоо борборунун түзүлөөрү айтылган.

Түрк-орус биргелешкен байкоо борборуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун ортосунда 2020-жылдын 11-ноябрында кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар