Канада өкмөтүнө "Израилдин учкучсуз учуучу аппараттарын сатып албоо" чакырыгы айтылды

Канаданын Израилдин экинчи ири курал чыгаруучу компаниясы Elbit Systems өндүргөн учкучсуз учактарды сатып алуу үчүн 36,16 миллион долларлык келишимге кол койгону белгиленди.

1574047
Канада өкмөтүнө "Израилдин учкучсуз учуучу аппараттарын сатып албоо" чакырыгы айтылды

Жакынкы Чыгышта Адилеттик жана тынчтык үчүн канадалыктар (CJPME) аттуу топ, Канада өкмөтүн Израилден учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алуу келишимин жокко чыгарууга чакырды.

Топтун социалдык медиа аккаунттарындагы постто, Канаданын Израилдин экинчи ири курал чыгаруучу компаниясы Elbit Systems өндүргөн учкучсуз учактарды сатып алуу үчүн 36,16 миллион долларлык келишимге кол койгону айтылды.

Бул сатып алууну жокко чыгарууга чакырган CJPME, аты аталган учкучсуз учуучу учактардын Израилдин 2014-жылы Газадагы палестиналык жарандарга жасаган чабуулу учурунда колдонулган куралдын "жарандык версиясы" болгон Hermes 900 экендигин билдирди.

Израилдин 2014-жылы Газадагы палестиналык жарандарга жасаган чабуулу учурунда Израилдин учкучсуз учактарынын  палестиналык 164 баланы өлтүргөндүгү эске салынган билдирүүдө: «Адам укуктарын жана эл аралык мыйзамдарды бузгандыгы жагынан түздөн-түз жооптуу Израилдин курал-жарак компаниясынан Канаданын учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алуусу кабыл алынгыс. CJPME, Канаданы Elbit Systems менен түзүлгөн келишимди тезинен жокко чыгарууга чакырат», делди.



Тектеш кабарлар