ЕБ AstraZenecaнын вакцинасын бекитти

Лейен: «Бул компаниянын келишимге ылайык 400 миллион доза вакцина берет деп күтүп жатам»

1574067
ЕБ AstraZenecaнын вакцинасын бекитти

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясы, Европанын дары-дармектер агенттигинин (EMA) AstraZenecaнын коронавирустук вакцинасы үчүн берген сунушун бекитти.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен социалдык медиа баракчасынан, EMAга оң баа берилгенден кийин AstraZeneca тарабынан иштелип чыккан вакцинанын ЕБ өлкөлөрүндө сатылышына уруксат берүүнү чечишкенин билдирди.

Европалыктарды вакциналар менен камсыздоо үчүн иш-аракеттерди уланта тургандарын белгилеген Фон дер Лейен: «Бул компаниянын келишимге ылайык 400 миллион доза вакцина берет деп күтүп жатам»,-деди.

Европа Биримдигинде буга чейин BioNTech-Pfizer жана Moderna компаниялары тарабынан иштелип чыккан вакциналарга уруксат берилген болчу. ЕБ Комиссиясынын бекитүүсүнөн кийин AstraZenecaныкы ЕБде колдонула турган үчүнчү Ковид-19 вакцинасы болду.

Европа Биримдигинин дары-дармектер агенттиги (EMA) кечээ AstraZenecaга Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакцинаны колдонууга уруксат берүүнү сунуштаган.

EMA вакцинаны 18 жаштан жогорку курактагы адамдарда коопсуз жана натыйжалуу колдонсо болоорун, 4-12 жума аралыгында эки доза түрүндө сайылган AstraZeneca вакцинасынын клиникалык сыноолордо 60 пайыз натыйжалуу болгонун маалымдаган.



Тектеш кабарлар