Японияда куш тумоосуна карата чаралардын жетерсиз экендиги ортого чыкты

Японияда кыш мезгилинде да таасирин көрсөткөн куш тумоосунан улам 6 миллиондон ашуун  тоок жок кылынган тоок фермаларынын 90 пайызында жапайы жаныбарларга карата көрүлгөн чараларда кемчиликтер аныкталды.

1574015

Айыл чарба, токой жана балык чарбачылыгы министрлигинин отчетунда  кыш мезгилинде ушул кезге чейин куш тумоосу аныкталагн 39 тоок фермасында 6,2 миллион тооктун жок кылынгандыгы белгиленди.

Отчетто министрликтин көзөмөлдөө тобунун куш тумоосу ортого чыккандан кийин териштирүүгө алган 30 тоок фермасынын 27синде алдына алуучу чараларда кемчиликтердин бар экендиги ортого чыкканы билдирилди. Калган 3 фермада кемчиликтердин болбогондугу, кемирүүчү жаныбарлардын тооктордун жемдерине оору жугузуу ыктымалынын бар экендиги белгиленген отчетто териштирилген фермалардын 19да фезинфекция тууралуу жетерлик чаралардын көрүлбөгөндүгү билдирилди.

Улуттук айыл  - чарба жана тамак  - аш изилдөөлөрү мекемеси мурунку эпидемиялар менен салыштырылганда  кыш мезгилинин башталышынан бери келе жаткан куш тумоосу түрүнүн демейдегиден узун убакыт жашап  калгандыгын жарыяланды.

Тектеш кабарлар