ДСУнун делегациясы Ухандагы иликтөөлөрүн баштады

АКШ, Австралия, Германия, Япония, Англия, Россия, Нидерландия, Катар жана Вьетнамдан келген эксперттер жана изилдөөчүлөрдөн турган делегация шаарга 14-январда жөнөп кеткен.

1573961
ДСУнун делегациясы Ухандагы иликтөөлөрүн баштады

Коронавирустун (Ковид-19) келип чыгышын иликтөө үчүн Кытайдын Ухань шаарына барган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) делегациясы өз ишин баштады.

ДСУнун делегациясы, ал жердеги биринчи иликтөөсү үчүн эпидемиянын алгачкы күндөрүндө бейтаптар дарыланган Хубей Кытай жана Батыш медицинасынын интегралдык райондук ооруканасына барды. Бул делегация, иш сапардын алдында Лян Ванниан жетектеген Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын делегациясы менен жолугушту.

ДСУнун эксперттери, алдыдагы күндөрдө биринчи учурлар катталган Хуанандагы деңиз азык-түлүк базарында жана Ковид-19 эпидемиясынан мурда коронавирустарга байланыштуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн Ухань вирусология институтунда иилктөөлөрдү жүргүзүүнү пландаштырууда.

АКШ, Австралия, Германия, Япония, Англия, Россия, Нидерландия, Катар жана Вьетнамдан келген эксперттер жана изилдөөчүлөрдөн турган делегация шаарга 14-январда жеке учак менен жөнөп кеткен.

Шаарга келгенден кийин 14 күнгө карантинге алынган делегация онлайн режиминде жыйын өткөрүп Кытай жетекчилиги менен маалымат алмашышкан.

Дүйнө жүзү биринчи жолу Ковид-19 эпидемиясынын башталышы жөнүндө Кытайдын 2019-жылы 31-декабрда Хубей провинциясынын Ухань шаарында "келип чыгышы белгисиз сырдуу оорунун" пайда болгонун Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна билдириши менен кабардар болгон болчу.



Тектеш кабарлар