Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Индияда Ковид  19дан каза болгондордун саны 154 184кө жетти.

1574032
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчү

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 2 миллион 218 349дан жогорулады. Бейтап саны 102 миллион 722 000ден, айыккандардын саны 74  миллион 435 000ден ашты.

Иранда эпидемиядан 57 889 киши каза болуп, виурс жугузгандардын саны 1 миллион 411 000дөн ашты. Президент Хасан Рухани эпидемиянын кайрадан жогорулашына  каршы элди эскертип, чектөөлөрдү арттырууга мажбур болушарын айтты. 

Россияда  вирустан 72 697 киши каза болуп, вирус жуктургандардын саны 3 миллион 832 000ге жогорулады. 

Индияда Ковид  19дан каза болгондордун саны 154 184кө жетти. Өлкөдө вирус жугузгандардын саны 10 миллион 734026 деп катталды.

Тунисте Ковид  - 19дан 91 киши дагы каза болуп, 1679 жаңы учурдун катталгандыгы, 2019 кишинин айыккандыгы билдирилди. Ушундайча өлкөдө жалпы каза болгондордун саны 6599га, бейтап саны 206 30га, айыккандардын саны 154 455ке жеткендиги белгиленди.

Газада Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 520га жетип 191 жаңы учур аныкталды. Вирус жугузгандардын жалпы саны 51 187ге жогорулады.

Грузия өкмөтү көрүлгөн жаңы чаралар менен бирге коронавирус вакцинасынын эки дозасын  алганын документтештирген чет элдиктердин өлкөгө киришине уруксат берди. Чечимдин бардык вакцина түрлөрүн камтыгандыгы белгиленди. Грузияда эпидемияда 3159 киши каза болуп, бейтап саны 257 632 болду. 

Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 5 452, вирус жугузгандардын саны да 379 516га жеткен Японияда премьер  - министр Суга Йошихиде эпидемиядан улам 2021 - жылга кечеңдетилген ТОкио Олимпидаларын өткөрүүдө чечкиндүү экендерин айтты. Олимпиадалар 23 -  июлда башталат. 

 

 



Тектеш кабарлар