БУУ "Хол" лагериндеги 27 миң баланы өз өлкөлөрүнө кайтарууга чакырды

Бул балдар "Хол" лагеринде оор шарттарда жашап жатышат.

1574228
БУУ "Хол" лагериндеги 27 миң баланы өз өлкөлөрүнө кайтарууга чакырды

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Сириянын түндүк-чыгышындагы "Хол" лагеринде кармалып турган жана ДЕАШ мүчөлөрү таштап кеткен 27 миң чет өлкөлүк баланы өз мекенине кайтарууга чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн директору Владимир Воронков билдирүүсүндө, "Хол" лагериндеги оор шарттарга көңүл бурду.

Лагердеги 27 миң баланын кароосуз ташталгандыгын жана лагерде радикалдашуу коркунучу бар экендигин айткан Воронков, бул балдарды кайрадан өз мекендерине кайтарууга, 14 жашка чейинки балдарды камакка албоого жана "жабырлануучу" катары мамиле кылууга чакырды.

Воронков, лагерде 60ка жакын мамлекеттен балдар бар экендигин жана бул балдардын жоопкерчилиги Сирияга эмес, алар келген өлкөлөргө таандык экендигин билдирди.

БУУнун маалыматына караганда, жикчил террордук уюм ЙПГ / ПККнын көзөмөлүндө турган "Хол" лагеринде болжол менен 62000 адам бар, алардын 80 пайызы аялдар жана балдар.



Тектеш кабарлар