АКШнын Иран атайын өкүлчүлүгү кызматына Роберт Мээли дайындалды

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Роберт Мэллинин Иран менен өзөктүк келишимге кайтып келүүсү боюнча иштей тургандыгын баса белгиледи.

1574055
АКШнын Иран атайын өкүлчүлүгү кызматына Роберт Мээли дайындалды

АКШнын Иран атайын өкүлчүлүгү кызматына өзөктүк келишимдин куруучуларынан Роберт Мэлли дайындалды.

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө министр Энтони Блинкендин "тышкы көз караштагы эксперттердин көз карашын чагылдырган тышкы топту түзүү" тууралуу көз - карашын эске салды.

Барак Обаманын убагында кеңешчи  болуп иштеген жана Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимдин куруучуларынын бири болгон Роберт Мэллинин Ирандын атайын өкүлү болуп дайындалгандыгын белгилеген Прайс Мэллинин өзгөчө Иран менен өзөктүк келишимге кайтып келүүсү боюнча иштей тургандыгын баса белгиледи.

АКШнын президенти Жо Байден шайлоо процесси учурунда Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге мүмкүн болушунча эртерээк кайтуу керектигин айткан. Бирок АКШнын мамлекеттик департаментинин кызмат ордуна дайындалган Блинкен айрым процесстердин жүргүзүлүшү жана келишимге кайтып келүү үчүн шашылбоо керектигин белгилген.



Тектеш кабарлар