Афганистанда бомбалуу кол салуу болду

Нангархар аймагында болгон бомбалуу кол салууда 8 полиция каза болуп, Кабул аймагында болгон кол салууда 4 жаран жаракат алды.

1574184
Афганистанда бомбалуу кол салуу болду

 Афганистандын чыгышындагы Нангархар аймагында болгон бомбалуу кол салууда 8 полиция каза болуп, Кабул аймагында болгон кол салууда 4 жаран жаракат алды.

Афганистанда Нангархар губернаторлугунун катчысы Атауллах Хогяни басма сөзгө берген маалыматында кол салуучулардын бомба жайгаштырылган унаа менен Нангархардын Ширзад районунун Гандумак аймагында полиция борборун бутага алгандыгын айтты. Хогяни кол салууда 8 полициянын каза болгондугун билдирди.

Нангархар облусунун Шура төрага орун басары Убаидуллах Шинвари болсо кол салууда 14 полициянын каза болгондугун белгиледи.

Бир тараптан Кабул коопсуздук директорлугунун катчысы Фердевс Фарамарз Кабулдун Пул  -  и Кампани жана Селим Керван аймактарында бири биринин артынан болгон бомбалуу кол салууларда 4 жарандын жаракат алгандыгын билдирди.

Нангархардагы кол салууну Талибан моюнга алса, Кабулдагы кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар