Гутерриш Ковид-19га каршы эмделди

Гутерриш, Ковид-19га каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин Твиттердеги аккаунтынан билдирүү жасады.

1573616
Гутерриш Ковид-19га каршы эмделди

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш коронавируска (Ковид-19) каршы эмделди.

Америка Кошмо Штаттарында Нью-Йорк шаарынын 65 жаштан жогорку курактагылардын критерийлерине жооп берген Гутерриш, натыйжалуу жана коопсуз экендигин көрсөтүү үчүн Ковид-19 вакцинасын алды.

Ковид-19га каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин Твиттердеги аккаунтынан билдирүү жасаган Гутерриш: «Мен бүгүн Ковид-19 вакцинасынын биринчи дозасын алганыма бактылуумун жана ыраазымын. Ар кимдин вакцина алуусуна мүмкүнчүлүк түзүшүбүз керек. Баарыбыз коопсуз болгонго чейин эч кимибиз толугу менен коопсуз эмеспиз», деди.

БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, Гутерриштин эмделүү үчүн тизмеге жазылып башкалардай эле кезекте тургандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар