Францияда 2020 - жылы исламга каршы кол салуулар 53 пайызга көбөйдү

Франция Ислам Кеңешине караштуу Франция исламофобия байкоо үйүнүн төрагасы Абдуллах Зекри кол салуулардын көбүнчө борбор шаар Париж баш болгон Ронес  - Альп, Пака жана Иле – де - Франс аймактарында болгонун билдирди.

1573545
Францияда 2020 -  жылы исламга каршы кол салуулар 53 пайызга көбөйдү

Францияда 2020 -  жылы исламга каршы кол салууларда андан мурунку бир жылга караганда 53 пайыз өсүү болду.

Франция Ислам Кеңешине караштуу Франция исламофобия байкоо үйүнүн төрагасы Абдуллах Зекри  берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө өлкөдө кол салуулардын көбүнчө борбор шаар Париж баш болгон Ронес  - Альп, Пака жана Иле – де - Франс аймактарында болгонун билдирди.

Өткөн жылы мусулмандарга каршы 235 кол салуунун болгонун белгилеген Зекри, бул сандын 154 кол салуу болгон өткөн бир жылга салыштырмалуу 53 пайызга өскөнүн баса  белгиледи. Зекри мечиттерге кол салуулардын  2020 - жылы 35 пайызга өскөнүн айтты.

Өткөн жылы Коргоо корпорациясынын башкы кеңсесине же башкаруучуларынын үйлөрүнө коркутууларды камтылган 70 каттын жиберилгендигин айткан Зекри, ислам жана мусулмандар жөнүндө жалган маалыматтардын жайылышы жана мусулмандарга карата жек көрүү сезимин козгогон электрондук почталардын жайылышы коркунучтуу экендигин баса белгиледи.

Ислам менен терроризмдин ортосунда эч кандай байланыш жок экендигин баса белгилеген Зекри Францияда жашаган мусулмандардын башка диндерге окшоп өз динин тутунушу керектигине көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар