Боррелль кийинки жумада Орусияга барат

Боррелдин сапары убагында бир топ маселе каралып чыгат.

1573767
Боррелль кийинки жумада Орусияга барат

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелль кийинки жумада Орусияга барат.

Жозеп Боррелль, 2017-жылдан бери Орусияга барган биринчи Европа Биримдигинин жогорку өкүлү болот.

Борреллдин офиси, Европа Биримдигинин жогорку өкүлүнүн 4-февралда иш сапары менен Орусияга бараарын жана эки күндүк сапарында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана берки жетекчилер менен жолугуша турганын билдирди.

Боррелдин сапары март айында өтө турган жана ЕБ-Орусия мамилелери талкуулана турган ЕБнин лидерлеринин саммитинин алдында тараптардын карым-каташтарды кеңири алкакта карап чыгуусу үчүн маанилүү.

Европа Биримдигинин жогорку өкүлү Борелль иш сапардын жүрүшүндө, Орусиянын Украинадагы иштери, Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимди улантуунун маанилүүлүгү, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы, ошондой эле орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйдын ууландырылышы жана камакка алынышы сыяктуу маселелерди сүйлөшөт. 



Тектеш кабарлар