Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дүйнөнү тооруп алды.

1573362
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
Arnavutluk_Covid19_aşılama_5.jpg
super covid19 asi.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 201 миңден ашты. Вируска чалдыккандардын саны 102 миллион 41 миң, ал эми айыгып кеткендердин саны 73 миллион 882 миңди түздү.

2 миң 230 адам каза болуп жалпы сан 443 миң 769га, жуктургандардын саны болсо 95 миң 537ге көбөйүү менен 26 млн 338 миң 607ге жеткен АКШнын Нью-Йорк штатында Саламаттык сактоо департаментинин, карылар үйлөрүндөгү Ковид-19 өлүмдөрүн 50 пайызга азыраак билдиргени айтылды. Бир тараптан Түштүк Африкада пайда болгон жана мутацияга учураган тезирээк жайылган вирустун түрү АКШда биринчи жолу Түштүк Каролинада жашаган 2 кишиде кездешти. Өлкөдө Ковид-19га каршы эмдөө иштери каалагандай ылдамдыкта жүрбөй эле, ал эми Нью-Йорктогу диний лидерлер эпидемияга каршы алсыз болгон абактагыларды эмдөө программасынын артыкчылыктуу тобуна киргизүүнү талап кылышты.

Британияда акыркы 24 сааттын ичинде вирустун айынан 239 өлүм жана 28680 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 103 миң 126, ал эми ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 743 миң 734кө жетти.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутка ичинде 515 адамдын каза болушу менен жалпы сан 57 миң 806га жогорулады. Ошол эле мезгилде 34 миң 899 жаңы учур катталып ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 792 миң 360ка жетти. Акыркы 15 күндө өлкөдө камактагы адамдарда аныкталган Ковид-19 учурларынын саны эки эсеге көбөйгөндүгү билдирилди.

Францияда акыркы бир күндө Ковид-19дан улам дагы 348 адамдын каза болушу менен вирустан адамдардын өлүмү 74 миң 800гө жогорулады. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны ушул эле мезгилде 23 миң 770ке көбөйүп, 3 миллион 130 миң 629га жетти. Франция өкмөтүнүн басма сөз катчысы Габриэль Аттал, жакынкы күндөрү Ковид-19га каршы кошумча чаралардын көрүлө тургандыгын билдирди.

Вирустан 2 миң 71 өлүм жана 197 миң 208 учур катталгандыгын билдирген Данияда премьер-министр Метте Фредериксен Ковид-19 чараларынын дагы 3 жумага узартылганын жарыялады.



Тектеш кабарлар