Талибан делегациясы Москвада жолугушууларды өткөрдү

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1573130
Талибан делегациясы Москвада жолугушууларды өткөрдү

Талибандын делегациясы Орусиянын борбору Москва шаарында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүдө делегациянын президент Владимир Путиндин Афганистандагы атайын өкүлү Замир Кабулов менен жолугушканы белгиленди.

Билдирүүдө, «Россия тарап Ооганстанда жарандык согушту токтотууга жана Ооганстанда эффективдүү өкмөттү орнотууга мүмкүндүк берүүчү ар тараптуу жана конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү баштоону колдой тургандыгын билдирди»,делди.

Билдирүүдө Талибандын делегациясы Орусиянын Ооганстандагы элдешүү боюнча демилгелерин колдогону айтылган.



Тектеш кабарлар