Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылууда.

1572743
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
SPR bogota covid.jpg
covid SPR ölüm.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 185 миң 981ден ашты. Вируска кабылгандардын саны 101 миллион 505 миң, ал эми айыгып кеткендердин саны 73 миллион 407 миңди түздү.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) пандемиянын айынан каза болгондордун саны 439 миң 521ге, жуктуруп алгандардын саны болсо 26 миллион 166 миң 423кө жетти. Ак үйдүн Ковид-19 менен күрөшүү тобу, жакынкы 4 жумада Ковид-19дан улам өлкөдө 90 миң адам өлүшү мүмкүн деп билдирди. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки да эпидемиянын Кытайда пайда болушуна байланыштуу иликтөө жөнүндө "Кытайда кээ бир булактардан жалган маалымат тараганын көрдүк жана бул бизди тынчсыздандырат. Ковиддин Кытайда пайда болушуна байланыштуу терең иликтөө жүргүзүүгө аргасызбыз»,-деди.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 220 миң 237ге жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 9 миллиондон ашты. 1992-жылдан бери Бразилия өкмөтүндө иштеген тогуз айлана-чөйрөнү коргоо министри Франциянын президенти Эммануэль Макронго, Германиянын канцлери Ангела Меркелге жана Норвегиянын премьер-министри Эрна Солбергге кат жазып, Ковид-19 панидемиясын жеңүү үчүн жардам сурады.

Мексикада пандемиядан улам каза болгондордун саны 153 миң 639га, илдетке кабылгандардын саны болсо 1 миллион 806 миңге жетти.

Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 1725 адам каза болуп, 25 миң 308 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 101 миң 887, ал эми ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 715 миң 54тү түздү. Британия Ковид-19дун айынан Европада эң көп жоготууларга учураган өлкө бойдон калууда. Премьер-министр Борис Жонсон, вирустун жаңы түрлөрүнүн өлкөгө киришине жол бербөө максатында саякатка тыюу салынган өлкөлөрдөн кайтып келе турган британ жарандарынын карантинге алынарын жарыялады.

Италияда пандемиядан улам каза болгондордун саны 86 889 адамга жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 2 миллион 501 миңге жогорулады.

Францияда Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта 351 адам көз жумуп жалпы сан 74 миң 456 болду. Бир күндө 26 миң 916 жаңы учур катталса, бул илдетке чалдыккандардын саны 3 миллион 106 миң 859га жетти. Өкмөттүн басма сөз катчысы Габриэль Аттал, эпидемиянын өлкөдө тездик менен жайылышы уланып жаткандыгын жана Британияда аныкталган Ковид-19дун жаңы түрүнө чалдыккандардын санынын көбөйгөндүгүн белгилеп, чаралардын күчөтүлүшү мүмкүн экендигин жана карантин киргизүү сыяктуу көптөгөн альтернативалардын каралып жаткандыгын айтты.  

Германияда эпидемиялык жоготуу 55 миң 358ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 2 миллион 179 миңге жетти.

Пандемиянын айынан 2 миң 821 адам каза болуп, 91 миң 555 адамга вирус жуккан Түндүк Македонияда Британияда мутацияланган жана тезирээк жайылган коронавирустун түрү табылды.

Ковид-19дан каза тапкандардын саны Испанияда 57 миң 291ге, Канадада 19 миң 511ге жетти.



Тектеш кабарлар