Сириянын Жараблус элетинде бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 3 адам жаракат алды.

1572348
Сириянын Жараблус элетинде бомбалуу кол салуу болду

Сириянын түндүгүндөгү Жараблуста  бомба жайгаштырылган унаа жарылып, 3 адам жаракат алды.

«Евфрат калканы» операциясында террордон тазаланган Жараблус элетинде бир унаага жайгаштырылган бомба жардырылды.  Жардырууда унаанын ичиндеги 3 адам жаракат алды.

Жаралуулар ооруканаларга жеткирилип, унаа колдонулбай турган абалга келди.

Окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзгөн жергиликтүү коопсуздук күчтөрү, кол салууну террордук уюм ЙПГ/ПККнын жасоо ыктымалы боюнча токтолушууда.

Тель Рыфат жана Манбиж аймактарында оккупациясын уланткан террордук уюм ЙПГ/ПКК, Баб, Азаз, Жараблус жана Африн аймактарын бутага алган террордук кол салууларды тез-тез ишке ашырууда.



Тектеш кабарлар