Путин Байденди куттуктады

Путин менен Байден телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1572074
Путин Байденди куттуктады

Россиянын президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президентин Жо Байденди телефон аркылуу байланышып куттуктады.

Кремлдин жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө: «Путин Байденди Америка Кошмо Штаттарынын президенти катары кызматка киришкендигинен улам куттуктады. Путин Россия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруунун, эки өлкө менен бирге бул өлкөлөрдүн глобалдык коопсуздук жана туруктуулугун камсыз кылуудагы өзгөчө милдеттерин эске алганда бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыгына пайда алып келээрин баса белгиледи» деген сөздөр камтылды.

Сүйлөшүүдө ошондой эле Жаңы Стратегиялык куралдарды кыскартуу келишиминин (Жаңы СТАРТ) узартылышына байланыштуу маселелердин каралгандыгы белгиленип: «Жакынкы күндөрү тараптар өзөктүк ракета арсеналдарын эки тараптуу түрдө чектөөгө карата ушул маанилүү эл аралык укуктук механизмдин андан ары иштешин камсыз кылуу үчүн бардык зарыл болгон процедураларды бүтүрүшөт», делди.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясы жана эки тараптуу экономикалык карым-катнаштардын да талкуулангандыгы айтылган билдирүүдө: «Кеңешилген эл аралык маселелердин катарында АКШнын Ачык асман келишиминен бир тараптуу чыгышы, Ирандын өзөктүк программасы боюнча Биргелешкен аракеттер планын сактоо маселеси, Украина кризисин чечүү жана Россиянын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн карамагында саммит өткөрүлүшүнө карата демилгеси бар эле» деп кабарланды.

Билдирүүдө сүйлөшүүнүн жылуу маанайда өткөндүгү айтылды.



Тектеш кабарлар