Ирандын тышкы иштер министри Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян менен жолугушту

Жевад Зарифтин Армениядагы жолугушууларынан кийин Грузия менен Түркияга келери күтүлүүдө.

1572287
Ирандын тышкы иштер министри Армениянын тышкы иштер министри Ара Айвазян менен жолугушту

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Армениянын аймактык бүтүндүгү өлкөсүнүн кызыл сызыгы экендигин айты.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда Зариф аймактык жолугушууларынын негизинде Азербайжан жана Россиядан кийин Арменияда кесиптеши Ара Айвазян менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар, аймактык маселелер талкууланды. Зариф бул жерде : «Аймактагы бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Армения республикасынын аймактык бүтүндүгү, көз карандысыздыгы жана улуттук эгемендүүлүгү маанилүү. Армениянын аймактык бүтүндүгү - Ирандын кызыл сызыгы»,- деди.

Арменияны Ирандын «маанилүү коңшусу» деп мүнөздөгөн тышкы иштер министри Зариф Армения мамлекети жана премьер  - министр Никол Пашиняндын келечекке карата кадамдарынан «мактоо» менен сөз кылды. Жолугушууда Армениянын тышкы иштер министри Айвазян эки өлкөнүн жакшы коңшулук жана достук карым  - катнаштарын баса белгиледи.

Айвазян Ирандын төртүнчү экономикалык өнөктөшү экендигин айтып, карым  - катнаштарды өнүктүрүүнүн маанилүү экендигин белгиледи.

Жолугушуунун негизинде банктык, транспорттук иштер,  Иран азыктарын экспорттоо жана эки өлкөнүн ортосундагы Арас дарыясынын айланасындагы абалдар да каралды.

Армениянын премьер  - министри Пашинян менен да жолугушуусу пландалган Зарифтин бул өлкөдөгү жолугушууларынан кийин Грузия менен Түркияга келери күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар