G7 өлкөлөрү Орусияга чакырык салды

АКШ, Канада, Франция, Германия, Италия, Англия, Япония жана Европа Биримдигинин Жогорку өкүлүнүн кол тамгасы менен биргелешкен билдирүү жарыяланды.

1571870
G7 өлкөлөрү Орусияга чакырык салды

«Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Москва администрациясын орусиялык оппозициячыл Алексей Навальныйды тезинен бошотууга чакырышты.

АКШ, Канада, Франция, Германия, Италия, Англия, Япония жана Европа Биримдигинин Жогорку өкүлүнүн кол тамгасы менен жарыялаган биргелешкен билдирүүдө, Навальныйдын камалышы темасындагы мамилеси үчүн Москва администрациясы сынга алынды.

Билдирүүдө Навальныйдын камакка алынышынын "саясий себептер менен" болгондугу айтылып, окуядан кийин өлкөнүн жалпысындагы нааразычылык акцияларында "миңдеген тынчтыкчыл демонстранттар жана көптөгөн журналисттердин камакка алынгандыгы жана мунун кабыл алынгыс" экендиги баса белгиленди.

Орусиядагы укук коргоочулардын жана жарандык коомдук уюмдардын оозун жабууга аракет кылынгандыгы айтылган билдирүүдө: «Биз орус бийлигин Навальный мырзаны дароо бошотууга чакырабыз» делди.



Тектеш кабарлар