Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1572009
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
super covid19 ekvador.jpg
Arnavutluk_Covid19_aşılama_1.jpg
super covid19 asi.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 167 миң 500дөн ашты. Вируска чалдыккандардын саны 100 миллион 853 миңден, ал эми айыккандардын саны 72 миллион 891 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) пандемиянын айынан каза болгондордун саны 435 миң 452ге, вирус жуктургандардын саны болсо 26 миллион 11 миң 222ге жетти. АКШнын президенти Жо Байден Pfizer жана Moderna компанияларынан дагы жүз миллион доза вакцина ала тургандарын билдирип: «Биз жайдын аягына же күздүн башына чейин 300 миллион америкалыкка жете тургандай вакцинабыздын болушун күтүп жатабыз» деди.

Испанияда Ковид-19 эпандемиясынын кесепетинен акыркы 24 саатта 591 кишинин каза болушу менен күнүмдүк жоготуу акыркы 8 айдагы эң жогорку деңгээлге жетип, каза тапкандардын жалпы саны 56 миң 799га жетти. Жаңы учурлардагы жогорку өсүш уланган Испанияда жуктургандардын саны акыркы 24 саатта 36 миң 435ке көбөйүп жалпы 2 миллион 629 миң 817ни түздү. Ал арада, Испаниянын PharmaMar фармацевтикалык компаниясы тарабынан Ковид-19га каршы иштелип чыккан дарынын жаныбарларга сыноосу 99 пайыз натыйжалуу болду.

Францияда вирустан көз жумгандадын саны 74 миң 106га, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 79 миң 943кө жетти.

Британияда вирустун айынан акыркы сутка ичинде 631 адам каза болуп, 20 миң 89 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза болгондордун саны 100 миң 162, ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 689 миң 746ны түздү.  Британия Ковид-19дун айынан Европада эң көп жоготууларга учураган өлкө бойдон калууда.

Германиядагы Байройт ооруканасы Kovid-19дун тез жайылган B117 түрүнүн себебинен карантинге алынды. Немис өкмөтү Ковид-19дун мутацияланган түрлөрүнүн жайылышын алдын алуу үчүн өлкөгө кирүүгө чектөөлөрдү карап жатат.

Болгарияда өкмөт, өлкөдө пандемиянын жайылышына каршы көрүлгөн айрым чараларды жумшартууну чечти. 30-январда бүтөрү пландалган "өзгөчө кырдаал" 30-апрелге чейин узартылды. Өлкөдөгү кинотеатрлар жана айрым коомдук иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлар 1-февралдан тарта 30 пайыздык сыйымдууулук менен иштей баштайт. Соода борборлору жана спорт залдары дагы ушул эле күндөн баштап 50 пайыздык сыйымдууулук менен иштей алышат.

Ковид-19дан улам каза тапкандардын саны Бразилияда 218 миң 878, Мексикада 152 миң 16, Аргентинада 47 миң 253, Колумбияда 52 миң 128, Перуда 40 миң 107, Чилиде 18 миң 23 жана Эквадордо 14 миң 668, Боливияда 10 миң 105 деп катталды.



Тектеш кабарлар