Илимпоздор Ковид-19дун үй жаныбарларына жугушу мүмкүн экенин билдиришти

Илимпоздор: «Жугуштуу инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн кээ бир үй жаныбарларынын түрлөрүн дагы эмдөө керек»

1571567
Илимпоздор Ковид-19дун үй жаныбарларына жугушу мүмкүн экенин билдиришти

Англиядагы жана Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) илимпоздор коронавирустун (Ковид-19) мышык, ит сыяктуу үй жаныбарларына жугушу мүмкүн экенин билдиришти.

Англиянын East Anglia университети, АКШнын Эрлхам институту жана Миннесота университетинин окумуштуулары, академиялык журналда жарыяланган макалада вирустун жаныбарларда өрчүп, андан кийин адамдарга жугушу мүмкүн деген божомолдун калктын саламаттыгы үчүн узак мөөнөттүү бирок олуттуу коркунуч туудургандыгын түшүндүрүштү.

Илимпоздор билдирүүсүндө: «Жугуштуу инфекциянын жайылышына жол бербөө үчүн кээ бир үй жаныбарларынын түрлөрүн дагы эмдөө зарыл. Муну көз жаздымда калтырбоо керек»,-деди.

Генетика профессору Кок ван Оостерхут, пандемиядан коргонуу үчүн кээ бир үй жаныбарлары үчүн да эмдөө күн тартибинде болушу керектигин айтты.

Өткөн жылы Дания өкмөтү, жүздөгөн Ковид-19 учурунун фермерлерде жашаган норкалар менен байланышкан коронавирустук варианттан улам келип чыккандыгы аныкталгандан кийин миллиондогон норкаларды жок кылган болчу.



Тектеш кабарлар