БУУ өнүккөн өлкөлөрдү вакцинанын бөлүштүрүлүшү жаатында эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Дүйнөлүк экономикалык форумдун (WEF) «2021 Давос күн тартиби» жыйынына видео конференция аркылуу катышты.

1571312
БУУ өнүккөн өлкөлөрдү вакцинанын бөлүштүрүлүшү жаатында эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) вакцинасынын өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жеткирүү кечигип калса, вирус мутацияланып, жугуштуу жана өлүмгө алып келиши мүмкүн экендигин, учурдагы вакцина иштебей калышы мүмкүн деп эскертти.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун (WEF) «2021 Давос күн тартиби» жыйынына видео конференция аркылуу катышып, Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерреш глобалдык экономиканы жандандыруунун бирден-бир жолу коронавируска каршы вакцинанын дүйнөнүн каалаган жерине эң ылдам түрдө жеткирүү экендигин айтты.

«Өнүккөн өлкөлөр өз жарандарына эмдөө жүргүзүп, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө көңүл бурбай, коопсуз болобуз деп ойлошсо, жаңылышат»-деп айткан Гутерриш мындай деди: «Учурдагы вакциналарды жараксыз абалга келтирип, вирусту жугуштуу кылуучу мутация коркунучу бар»,деген серебин салды.

Вакцина менен камсыздоо жана бөлүштүрүү бирдей эмес экендигин белгилеген Гутерреш, Ковид-19 вакцинасынын өндүрүш кубаттуулугу дүйнө жүзү боюнча көбөйтүлүшү керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар