АКШда мусулман аял башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Пакистанда туулган Сайме Мохсин Мичиган штатынын чыгыш аймагынын башкы прокурорунун орун басары болуп шайланды.

1571057
АКШда мусулман аял башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп дайындалды

АКШда биринчи жолу федералдык башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп иммигрант мусулман бир аял дайындалды.

Пакистанда туулган Сайме Мохсин Мичиган штатынын чыгыш аймагынын башкы прокурорунун орун басары болуп шайланып, "өлкөдө бул кызматка келген  биринчи мусулман аял" катары тарыхка өттү.

Бул кызматка дайындалууну  "чоң сыймык" деп айткан Мохсин: "Мыйзамды ишенимдүү сактоо жана баарына адилеттикти издөө боюнча негизги миссиябызды аткарууга терең ишенем",- деди.

1 – февралда кызматына кирише турган  52 жаштагы Мохсиндин 2002 - жылдан бери Нью - Джерси жана Нью – Йорк башкы прокурорлорунун  жардамчысы болуу менен юстиция тармагында иштегендиги, 2018 -  жылдын  март айынан бери Мичиган  федералдык прокуратурасында башкы жардамчы катары кызмат кылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар