Афган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн уланткан Талибан Иранда

Ирандык катчы : «Афганистандагы тынчтык процесси жана тийиштүү темаларда пикир алышуу жана кеңешүүлөр өткөрүлөт».

1571333
Афган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн уланткан Талибан Иранда

Афганистан өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн уланткан Талибан уюмунун өкүлдөрүнөн турган жогорку мартабалуу бир делегация Ирандын чакыруусу менен Тегеранга барды.

Иран тышкы иштер министрлигинин катчысы Саид Хатибзаде берген жазуу түрүндөгү маалыматында Талибандын саясий кеңсесинин төрагасы Иолла Абдулгани Берадердин лидерлигиндеги делегациянын тышкы иштер министрлигинин чакыруусу менен Тегеранга баргандыгын жарыялады.

Хатибзаде Талибан делегациясынын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф жана башка ирандык жетекчилер менен жолугушарын билдирди. Ирандык катчы : «Афганистандагы тынчтык процесси жана тийиштүү темаларда пикир алышуу жана кеңешүүлөр өткөрүлөт»,- деди.



Тектеш кабарлар