Кытай менен Индиянын аскерлери дагы бир жолу кагылышты

Бул тууралуу Индиянын басма сөзүндө маалыматтар орун алган.

1570543
Кытай менен Индиянын аскерлери дагы бир жолу кагылышты

 

Кытай жана Индия аскерлери дагы бир жолу чек ара аймагында согуштук аракеттерге киришишти деген маалымат тарады.

Индиянын басма сөзүндө жарыяланган маалыматтарга караганда, үч күн мурун Индиянын Непал менен Бутандын ортосундагы Сикким провинциясынын түндүгүндөгү Наку Ла ашуусунда аскерлер кагылышкандыгы жана эки тараптан тең жаракат алгандар бар экендиги маалымдалган.

Кытай жана Индия аскерлери 2020-жылы июнда чек аранын түндүк-батышындагы Ладак аймагында орун алган Галван өрөөнүндө кагылышып, окуяда 20 индиялык аскер курман болгон.

Эки өлкөнүн ортосундагы Гималай тоолору менен курчалган белгисиз чек ара тилкеси Кытай менен Индиянын ортосунда эгемендик талаш-тартыштарын жаратып келет.

Арыктары, көлдөрү, мөңгүлөрү жана карлуу чокулары менен 3500 чакырымга созулган чек арада тараптар бири-бири менен тез-тез беттешип турат.

Пекин бийлиги «Түштүк Тибет» деп аталган Индиянын Аруначал-Прадеш провинциясындагы 90 миң чарчы чакырым жерди талап кылса, Жаңы-Дели Аксай Кытай бөксө тоосун камтыган 38 миң чарчы чакырым жерди Кытай ээлеп алган деп ырастоодо.

Тараптар узак жылдар бою жүргүзүлүп келген сүйлөшүүлөргө карабастан, эгемендик талаштарын чече албай жатышканда, 2017-жылы Кытай аймактагы чек ара жолун талаштуу платого чейин узартууга аракет кылган соң, эки мамлекеттин ортосундагы тирешүү күч алган.



Тектеш кабарлар