АКШнын президенти Жо Байден Франциянын президенти менен сүйлөштү

Жо Байден сүйлөшүүдө эки тараптуу байланыштардын күчтөндүрүлүшүнө басым жасады.

1570427
АКШнын президенти Жо Байден Франциянын президенти менен сүйлөштү

АКШнын президенти Жо Байден  Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө эки тараптуу байланыштардын күчтөндүрүлүшүнө басым жасады.

Ак үйдүн маалыматына караганда 20 -  январда ант берип АКШнын 46 -  президенти болгон Жо Байден кечээ Макрон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маалыматта  Байдендин Макронго АКШнын «эң эски союздашы» Франция менен эки тараптуу байланыштарды күчтөндүрүүнү каалагандыгын айтканы белгиленип, АКШнын НАТО жана Европа Биримдиги да болгон трансатлантика карым  - катнаштарын өнүктүрүү тууралуу убадасын кайталагандыгы билдирилди.  

Эки лидердин климаттык алмашуу, Ковид  - 19, глобалдык экономикалык жакшыруу сыяктуу орток маселелерди колго алууда жакын кызматташуунун керектиги тууралуу боюнча бирдей пикирде экендери белгиленип ; Кытай, Жакынкы Чыгыш, Россия жана Сахел сыяктуу  тышкы саясат алдыңкылыктарында бирдикте иштөө тууралуу бирдей пикирге барышкандары маалымдалды.



Тектеш кабарлар