Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 2 миллион 132 миң 290дон ашты.

1570010
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 2 миллион 132 миң 290дон ашты. Вирусту жукутуруп алгандарын саны 99 миллион 422 миңден, ал эми калыбына келтирилгендердин саны 71 миллион 491 миңден ашты.

Индияда эпидемиядан улам каза тапкандардын саны 153 миң 433кө, ал эми жуктургандардын саны 10 миллион 658 миң 886га жетти.

Россияда коронавирустун айынан каза болгон адамдардын саны акыркы суткада 491ге көбөйүп, 69 миң 462ге жетти. Ушул эле мезгилде 21 миң 127 жаңы учур катталган өлкөдө, ооруну жуктургандардын саны 3 миллион 719 миң 400гө көбөйдү.

Иранда акыркы 24 саатта вирустун айынан дагы 89 адам каза болуп, адам өлүмү 57 миң 383кө жетти. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 5945ке көбөйүп, 1 миллион 372 миң 977ге жетти.

Эпидемияга байланыштуу 6 миң 154 өлүм жана 195 миң 314 учур катталган Тунисте жарым-жартылай коменданттык саат 14-февралга чейин узартылды.

Ковид-19дан 4 миң 341 өлүм жана 593 миң 961 учур катталган Израилде коронавирустун жаңы мутацияланган түрү пайда болду.

Ушул кезге чейин вирустун кесепетинен 280 адам каза болуп, 57 миң 587 адам вирус жуктурган Шри-Ланкада корунавируска каршы индус сыйкырчысы иштеп чыккан деген «ыйык суусундукту» колдонгон жана аны коомчулукка сунуштап жаткан саламаттык сактоо министри Павитра Ванниараччи да ковид-19га кабылды.

Ковид-19дун айынан каза болгондордун саны Түштүк Африкада 40 миң 574кө, Иракта 12 миң 993, Пакистанда 11 миң 295, Филиппинде 10 миң 242, Сауд Арабияда 6 миң 352, Ливияда 1 миң 763, Оманда 1 миң 521 жана Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) 792ге жетти.



Тектеш кабарлар