Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Кол салууда 5 киши каза болду.

1569583
Сомалиде бомбалуу кол салуу болду

Сомалинин борбор шаары Могадишодо мурунку депутат Хасан Афрахтын унаасына жасалган бомбалуу кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 5 киши каза болду.

Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда борбор шаардын Шибиш районунда мурунку депутат Афрахтын унаасы өтүп бара жаткан жолго жайгаштырылган мина жардырылды.

Жарылууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 5 киши каза болуп, 3 киши жараланды. Жараланган үч кишинин ичинде Афрах да бар.

Жарылуудан кийин аймакка коопсуздук күчтөрү жиберилди. Өкмөттөн кол салуу тууралуу расмий билдирүү келген жок. Кол салууну азырынча эч ким моюнга ала элек.



Тектеш кабарлар