Россияда Навальныйдын тарапкерлери көчөгө чыгышты

Өлкө боюнча 360тан ашуун адам суракка алынды.

1569630
Россияда Навальныйдын тарапкерлери көчөгө чыгышты

Россияда оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын камакка алынышынан кийин чыңалуу күчөдү.

Навальныйдын миңдеген тарапкерлери көптөгөн шаарларда көчөгө чыгышты.

Борбор шаар Москвадагы Пушкин аянтына чогулган демонстранттар (Президенттик сарай) Кремлге жөө барууну каалашты. Бирок полиция демонстранттарга тоскоол болду. Президент Владимир Путинди сындаган демонстранттар "Навальныйга эркиндик" деп ураан чакырышты.

Өлкө боюнча 360тан ашуун адам суракка алынды.

Россиянын Томск шаарынан Москвага баруу үчүн 2020-жылдын 20-августунда учакка түшкөн Навальный учуу учурунда өзүн жоготкондуктан учак Омск шаарына конгон. Омск шаарындагы ооруканага жаткырылган Навальныйдын чайына аралаштырылган заттан ууланган деп айтылган.

Навальный 22-августта Омск шаарынан жеке учак менен Германиянын Берлин шаарындагы Charite ооруканасына которулган. 44 жаштагы Навальный дарыланып жаткан Германиядан кайтып келери менен Москва аэропортунан 17-январда кармакка алынган.

Сот Навальныйдын "2020-жылдын 29-декабрынан бери көзөмөлдөнгөн эркиндик мөөнөтүн бир нече жолу бузган" деген жүйө менен 15-февралга чейин 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарган. 



Тектеш кабарлар