Батыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Вирус дүйнөнү тооруп алды.

1569408
Батыш өлкөлөрүндө Ковид-19 көрсөткүчтөрү
covid SPR.jpg
Covid Süper.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 116 миң 720дан ашты. Вируска чалдыккандардын саны 98 миллион 764 миңден, ал эми айыккандардын саны 70 миллион 964 миңден ашты.

АКШда Ковид-19дан каза тапкандардын саны 424 миң 177ге жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны болсо 25 миллион 390 миң 42 болду. Баш калаа Вашингтондо президент Жо Байдендин (20-январдагы) инаугурация салтанатына катышкан Улуттук Гвардиянын 200 адамынан коронавирус табылды. Бир тараптан президент Жо Байден, Ковид-19дан эң көп таасирленген аз кирешелүү топтогу адамдар менен федералдык кызматкерлерге карата 2 жаңы жарлыкка кол койду. Жарлыктардан бирөө аз кирешелүү топтогу үй-бүлөлөрдүн Kovid-19 экономикалык жардамын тезирээк алууларын жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн азык-түлүк жардамын көбөйтүүнү камсыз кылса, экинчисинде федералдык кызматкерлердин бир сааттык эмгек акысынын 15 долларга чейин көтөрүлүшү көздөлүүдө.

Пандемиянын айынан акыркы 24 саатта Бразилияда 1 миң 96, Мексикада 1440, Аргентинада 220, Колумбияда 399, Перуда 153, Чилиде 84, Эквадордо 36, Боливияда 53 жана Гватемалада 31 адам көз жумду. Бул маалыматтар менен Ковид-19дан каза тапкандардын саны Бразилияда 215 миң 299, Мексикада 147 миң 614, Аргентинада 46 миң 575, Колумбияда 50 миң 586, Перуда 39 миң 427, Чилиде 17 миң 786, Эквадордо 14,562, Боливияда 9 миң 871 жана Гватемалада 5 миң 420 деп катталды.

Пандемиянын айынан Италияда каза болгон адамдардын саны акыркы сутка ичинде 472ге көбөйүп 84 миң 674кө жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө 13 миң 633 адамга Ковид-19 диагнозу коюлуп, жуктургандардын саны 2 миллион 441 миң 854тү түздү.

Францияда акыркы бир күндө ооруканаларда 323 адам, акыркы 3 күндө карылар үйүндө 330 адам каза болду. Вируска байланыштуу адамдардын өлүмү 72 миң 647ге жогорулады. Акыркы 24 саатта 23 миң 292 кишиге Ковид-19 диагнозу коюлган өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 3 миллион 11 миң 257ге жетти. 

Испанияда Ковид-19дан каза болгондордун саны акыркы суткада 400гө көбөйүп 55 миң 441ге жогорулады. Кечээтен бери 42 миң 885 жаңы учур катталган өлкөдө, жуктургандардын саны 2 миллион 603 миң 472ге жетти.

Португалияда акыркы 24 саатта 234 адам каза болуп, вирустан адам өлүмү эң жогорку деңгээлге жетти. Өлкөдө Ковид-19дан көз жумгандардын жалпы саны 9 миң 920 адамды түздү. Португалияда бейтаптардын саны да кечээтен бери 13 миң 987ге көбөйүп 600 миң 136га жетти.

Айрым берки өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Германия (52 миң 20), Польша (34 миң 908), Украина (21 миң 778), Бельгия (20 миң 675), Канада (18 миң 828), Румыния (17 миң 628), Чехия (15 миң 130), Нидерландия (13 миң 422), Венгрия (11 миң 811), Швеция (11 миң 5).



Тектеш кабарлар