Россия президенттигинин пресс катчысы Дмитрий Песков Навальныйды колдоо митинги тууралуу билдирди
Дмитрий Песков оппозициячыл Алексей Навальныйга колдоо максатында өткөрүлүшү пландалган митингдердин «мыйзам тышы жана кабыл алынгыс экендигин» айтты.
Россияда президенттин катчысы Дмитрий Песков өлкөдө камакка алынган оппозициячыл Алексей Навальныйды колдоо максатында эртең өткөрүлүшү пландалган митингдердин «мыйзам тышы жана кабыл алынгыс экендигин» айтты. Песков Германиядан өлкөгө кайтуусунда камакка алынган Навальныйдын эркин койо берилиши үчүн өткөрүлүшү пландалган митингдерге байланыштуу журналисттерге маалымат берди.
Пландалган митингдердин уруксатсыз экендигине көкүл бурган Песков : «Бул жерде бир гана позицияга ээбиз. Бул да мыйзамдарга шайкеш келүү жана мыйзам тышы кыймылдарды уюштуруу, өзгөчө да балдар менен жаштардын митингдерге катышуусу багатында үгүттөөлөрдүн туура эместиги менен байланыштуу»,- деди.
Бул тууралуу жарандарды Россиянын ички иштер жана билим берүү министрликтеринин эскерткендигин айткан Песков федералдык маалыматтык технологиялар жана массалык коммуникацияны көзөмөлдөө мекемесинин социалдык медиа сайттарынан жаштарды уруксатсыз митингдерге катышууга чакырган басылмалардын токтотулушун талап кылгандыгын эске салды.
Песков : «Бул каналдар мыйзам тышы кыймылдарга катышуу чакыруулары үчүн колдонулууда. Ушунун негизинде Роскомнадзордун бул сайттарды жазаландыруу тууралуу эскертүүсү туура»,- деди.
Ошол эле учурда Россияда иш алып барган youtube, TikTok жана инстаграм сыяктуу социалдык медиа сайттары жаштарды уруксатсыз митингдерге катышууга үндөгөн басылмаларды өчүрө баштады.
17 - январда камакка алынган жана 15 - февралга чейин камакта кармаларына чечим чыгарылган Навальный 23 - январда баарын нааразычылык акциясына чыгууга чакырган.
Камакка киргенден кийин youtub каналынан Навальный жана тобунун мындан мурда Путин менен жакын чөйрөсүн бутага алган «Путин үчүн сарай : эң чоң паракорчулуктун тарыхы» аттуу видео жарыяланып, көрүү рекордуна жеткен.