Монголиянын премьер - министри кызматтан кетти

Ухнаагийн Хурелсух   Президент Халтмаа  Баттулганын нааразычылык акцияларды уюштургандын айтууда.

1569249
Монголиянын премьер  - министри кызматтан кетти

Монголиянын премьер  - министри Ухнаагийн Хурелсух кызматтан кетти.

Премьер  - министр Ухнаагийн Хурелсух  өкмөттүн коронавируска карата көргөн чараларга каршы жүздөгөн киши парламент имаратынын алдында нааразычылык акция өткөргөндөн кийин арызын жана  өкмөттүн өзгөрүшү керектиги тууралуу сунушун парламентке сунуштады.

Ухнаагийн Хурелсух   Президент Халтмаа  Баттулганын нааразычылык акцияларды уюштургандын айтууда.  Кызмат мөөнөтү бул жылдын ичинде аяктай турган Президент Баттулга маалыматында  Монголия премьер  - министринин коомчулуктун ишенимине доо кетире турган  маалымат беришин түшүнүү кыйын экендигин белгилеп, Хурелсухтун улуттук биримдикке зыян бергендигин жана Монголия президентине жалаа жапкандыгын айтты. Нааразычылык акциялары жаңы эле төрөп эне болгон  бир аялдын коронавирус тестинин позитив чыгышы менен ооруканадан чукул түрдө чыгарылгандыгын көрсөткөн видеонун интернет айдыңында  таркашы менен уюштурулду. Энеге жасалган мамилеге каршылык көрсөтүү үчүн парламентке барган митингчилердин кээ бирлеринин халат жана үй тапочкасын  кийгендиги байкалды.



Тектеш кабарлар