Ооганстанда 2 аял судьянын өмүрү кыйылды
Бул тууралуу Кабулдун Коопсуздук борбору маалымат бөлүштү.
1565277
Ооганстандын баш калаасы Кабулда унаага куралдуу кол салуу болуп эки аял судьянын өмүрү кыйылды.
Кабулдун Коопсуздук борбору Кале-и Фетхуллах аймагында аял сотторго белгисиз адамдар кол салганын жарыялады.
Кол салуудан 2 аял судья каза болуп, 2 адам жаракат алды.
Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.