Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 32 миң 110дон ашты.

1565149
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 32 миң 110дон ашты. Вирус менен ооругандардын саны 95 миллион 7 миңден, ал эми айыккандардын саны 67 миллион 827 миңден ашты.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 152 миң 311ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 559 миң 710 адамга жетти.

Африка континентинде коронавирус эң көп жайылган Түштүк Африка Республикасында акыркы сутка ичинде дагы 384 адам каза болуп, Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 36 миң 851ге жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 325 миң 659 болгон.

Ковид-19дан 10 миң 951 өлүм жана 519 миң 291 учур катталган Пакистанда Оксфорд-AstraZeneca вакцинасы өзгөчө кырдаалдарда колдонууга бекитилген.

Индонезияда Ковид-19дан 25 миң 987 адам каза болду. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 907 миң 929 деп катталды.

 



Тектеш кабарлар