Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 2 миллиондон ашып кетти

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 33 миң 105тен ашты.

1565144
Дүйнө жүзүндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 2 миллиондон ашып кетти
meksika aşı süper
korona abd süper
Almanya Kovid süper.jpg
afp korona genel süper.jpg
SÜPER FOTO koronavirus aşı.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 2 миллион 32 миң 110дон ашты. Вирусту жуктургандардын саны 95 миллион 7 миңден, ал эми айыккандардын саны 67 миллион 827 миңден ашты.

Эпидемияда каза болгон адамдардын саны Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 405 миң 261ге чейин, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 24 миллион 306 миң 43кө жетти.

Италияда коронавирус эпидемиясында каза болгондордун саны акыркы 24 сааттын ичинде 475ке көбөйүп, 81 миң 800гө жетти. Ушул эле мезгилде, өлкөдө 16 миң 310 адамга Ковид-19 диагнозу коюлуп, илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 368 миң 733кө чейин көбөйгөн. Италияда Жаңы жыл майрамынан кийин эпидемия боюнча 21 аймактын статусу жаңыртылды; Өлкөнүн үчтөн экиси эпидемиянын «жогорку тобокелдигине» киргизлди. Вирус тез жайылган Ломбардия, Сицилия жана Больцано автономиялык провинциясы «өтө чоң тобокелдик» катары катталды.

Францияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 70 миң 142, ал эми жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 894 миң 347 деп катталды.

Португалияда эпидемия башталгандан бери эң көп жоготуулар жана күнүмдүк учурлар катталды. Акыркы сутка ичинде 166 адам каза болуп, болжол менен 11 миң жаңы учур катталды. Бул маалыматтар менен өлкөдө Ковид-19дан каза болгондордун саны 8 миң 709, ал эми жуктургандардын саны 539 миң 416 болду. Коронавирус тестинен оң жыйынтык чыккандан кийин Каржы министри Жоао Леао карантинге алынды.

Эпидемияда 7 миң 53 өлүм жана 392 миң 511 учур катталган Австрияда кечээ ар башка аймактардан борбор шаар Венага барган эпидемиялык чараларга каршы миңдеген адамдар, чараларды жоюу үчүн демонстрация уюштурушту.

Эпидемияга байланыштуу, акыркы 24 сааттын ичинде Бразилияда 1 миң 50, Мексикада 1 миң 219, Аргентинада 68, Колумбияда 388, Чилиде 66, Эквадордо 43, Боливияда 25, Гватемалада 43 жана Панамада 49 адам каза болгон. Бул маалыматтар менен Ковид-19дан каза болгондордун жалпы саны Бразилияда 209 миң 350, Мексикада 140 миң 241, Аргентинада 45 миң 295, Колумбияда 48 миң 256, Чилиде 17 миң 435, Эквадордо 14 миң 316, Боливияда 9 миң 596, Гватемалада 5 миң 220, Панамада 4 миң 768 болгон.

Айрым башка өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондор төмөнкүчө:

Англия 88 миң 590, Испания 53 миң 314, Германия 47 миң 121, Перу 38 миң 770, Польша 33 миң 213, Украина 20 миң 686, Бельгия 20 миң 396, Канада 17 миң 865, Чили 17 миң 435, Румыния 17 миң 164, Чехия 14 миң 338, Нидерландия 12 миң 965, Венгрия 11 миң 264 жана Швеция 10 миң 323.

Индияда эпидемиядан улам каза болгондордун саны 152 миң 311ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 559 миң 710 адамга жетти.

Африка континентинде коронавирус эң көп жайылган Түштүк Африка Республикасында акыркы сутка ичинде дагы 384 адам каза болуп, Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 36 миң 851ге жетти. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 325 миң 659 болгон.

Ковид-19дан 10 миң 951 өлүм жана 519 миң 291 учур катталган Пакистанда Оксфорд-AstraZeneca вакцинасы өзгөчө кырдаалдарда колдонууга бекитилген.

Индонезияда Ковид-19дан 25 миң 987 адам каза болду. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 907 миң 929 деп катталды.



Тектеш кабарлар