Россия Ирини операциясына каршылык көрсөттү

Россия «Адлер» аттуу орус жүк ташуучу кемесинин Жер Ортолук деңизде Европа Биримдигинин Ирини операциясынын негизинде грек деңиз флоту тарабынан тинтилүүсүнө каршылык көрсөттү.

1564764
Россия Ирини операциясына каршылык көрсөттү

 Россия «Адлер» аттуу орус жүк ташуучу кемесинин Жер Ортолук деңизде Европа Биримдигинин Ирини операциясынын негизинде грек деңиз флоту тарабынан тинтилүүсүнө каршылык көрсөттү.

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова берген маалыматында грек мекемелери менен окуяны кенен түрдө ачыкка чыгарууга аракет кылышкандарын белгиледи.

Европа Биримдигинин Ирини операциясынын эл аралык мыйзам жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2292 -  чечиминин негизинде жүргүзүлүшү керектигин Европа Биримдигинин жетекчилерине көптөгөн жолу айтышкандарын белгилеген Захарова кемелерде тинтүү жүргүзгөндөн мурда өлкөнүн уруксатынын алынышы керектигин, Ирини операциясынын Ливияда тарапташтардын бирөөсүнүн жазаландырылышына карата болбошу жана бардык Ливия жээктеринде ачык деңиздерди камтышы керектигин айтты.

Захарова буга кошумча катары Операция борборунун кандайдыр бир тинтүүнүн жыйынтыктарын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тийиштүү комитетине сунуштоо менен милдеттүү экендигин, антпесе бир кыймылдын Европа Биримдигинин Жер Ортолук деңиздеги кызыкчылыктарын  ишке ашыруу максаты тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу жана Ирини операциясынын ачык  - айкын эместигинин белгилей тургандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар