Pfizer менен BioNTech Европага вакцина жөнөтүүнү кыскартат

Pfizer менен BioNTechтин биргелешкен билдирүүсүндө, 2021-жылга карата 2 миллиард дозадан турган жаңы өндүрүштүк көрсөткүчкө жетүү үчүн интенсивдүү иштеп жатышкандыгы баса белгиленди.

1564770
Pfizer менен BioNTech Европага вакцина жөнөтүүнү кыскартат

Америкалык фармацевтика компаниясы Pfizer менен түрк илимпоз проф. др. Угур Шахин негиздөөчү өнөктөшү болгон Германиянын BioNTech биотехнологиялык компаниясы, Европага жөнөтүлгөн коронавирустук (Ковид-19) вакцинаны убактылуу кыскарта тургандыгын билдирди.

Pfizer менен BioNTechтин биргелешкен билдирүүсүндө, 2021-жылга карата 2 миллиард дозадан турган жаңы өндүрүштүк көрсөткүчкө жетүү үчүн интенсивдүү иштеп жатышкандыгы баса белгиленди.

Билдирүүдө, колдонулуп жаткан дозанын жана өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү үчүн өндүрүштүк иш-аракеттердин кайрадан белгилене тургандыгы кабарланып, бул кырдаалдын убактылуу түрдө ушул айдын аягынан февраль айынын башына чейинки камсыздоого таасирин тийгизери айтылды.

Билдирүүдө Европага жөнөтүүнүн убактылуу кыскара турганы маалымдалды.

Экинчи жагынан BioNTech Германиянын Марбург шаарындагы ишканасында Ковид-19 вакцинасын өндүрүүгө уруксат алды.

BioNTech вакцина өндүрүшүн качан баштоону өзү чечет.

2020-жылдын сентябрь айында Швейцариянын Novartis фармацевтикалык компаниясынан ишкананы сатып алган BioNTech, жыл сайын 750 миллион дозада Ковид-19 вакцинасын чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар экени айтылган эле.



Тектеш кабарлар