Индонезияда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

Жаракат алгандардын санынын болсо 826 экени кабарланды.

1564834
Индонезияда жер титирөөдөн каза тапкандардын саны көбөйдү

Индонезиянын Батыш Сулавеси аймагынын Мажене шаарында кечээ болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 46га жетти.

Улуттук Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин Маалыматтык-коммуникациялык борборунун башчысы Радитя Жати билдиргендей, жер титирөөдөн ушул убакка чейин Мамуджуда 37 жана Маженеде 9 болуп жалпы 46 адам каза болду.

Жати, жаракат алгандардын санынын болсо 826 экенин кабарлады.

Радитя Жати алар алган акыркы маалыматтарга караганда, оорукана, губернаторлук жана порт жетекчилиги сыяктуу мамлекеттик мекемелерди камтыган 415 имараттын зыянга учурагандыгын белгилеп, кыйраган имараттарда издөө-куткаруу иш-аракеттеринин улантылып жаткандыгын билдирди.

Метеорология, климат жана геофизика агенттиги (BMKG) кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 01.28де эпицентри Мажене шаарынын 6 чакырым түндүк-чыгышы болгон жана 10 чакырым тереңдикте катталган 6,2 баллдык жер титирөөнүн Палу жана Макасар шаарларында сезилгенин кабарлаган болчу.



Тектеш кабарлар