СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1563428
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
Arnavutluk_Covid19_aşılama_5.jpg
endonezyada covid-19.jpg
SPR bogota covid.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 987 миң 98ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 92 миллион 788 миңден, айыккандардын саны болсо 66 миллион 305 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 393 миң 928ди түздү. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 23 миллион 616 миңге жетти. Жон Хопкинс университетинин маалыматына караганда, АКШда Ковид-19 эпидемиясы башталгандан бери күнүмдүк өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү катталды.

Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 1 миң 274 адамдын каза болушу менен вирустан көз жумгандардын саны 206 миң 9га жетти. 60 миң 899 жаңы учур аныкталып ооруга кабылгандардын жалпы саны 8 миллион 257 миңди түздү.

Мексикада акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 1 миң 235 адам каза болуп, 15 миң 873 учур аныкталды. Вирустун айынан каза болгондордун саны 136 миң 917ге, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 571 миң 901ге жогорулады.

Британияда акыркы 24 сааттын ичинде вирустун айынан 1 миң 564 адам каза болуп, 47 миң 525 жаңы учур катталды. Пандемияда каза болгондордун саны 84 миң 767, ал эми жуктургандардын саны 3 миллион 211 миң 576 болду. Премьер-министр Борис Жонсондун айтымында, эпидемияга байланыштуу реанимация бөлүмдөрү чоң коркунучка туш болушту.

Италияда акыркы 24 саатта пандемиядан улам 527 адамдын каза болушу менен жалпы сан 80 миң 326га жетти. Ооруга чалдыккан адамдардын саны 15 миң 774кө көбөйүп, 2 миллион 319 миң 36га жогорулады.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 69 миң 31, ал эми жуктургандардын саны 2 миллион 830 миң деп катталды.

Испанияда Ковид-19дан акыркы бир сутканын ичинде 195 адамдын өлүмү менен жалпы сан 52 миң 878ге жетти. Ушул эле мезгилде 38 миң 869 жаңы учур катталып, ооруну жуктургандардын саны 2 миллион 176 миң 89ду түздү.

Аргентинада акыркы 24 саатта 135 адамдын өлүмү менен Ковид-19дан каза болгондордун саны 44 миң 983кө, 12 миң 725 кишиде вирус табылышы менен илдетке кабылгандардын саны 1 миллион 757 миң 429га жогорулады.

Колумбиянын Саламаттык сактоо министрлиги жарыялаган маалыматтарга караганда, акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 342 адам каза болуп жалпы сан 47 миң 124кө жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө 15 миң 898 учур аныкталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 831 миң 980ди түздү.

Перуда акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам 74 адам каза болуп, 2932 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адамдардын өлүмү 38 миң 473кө, ооруга чалдыккандардын саны бир миллион 43 миң 640ка жогорулады.

Эквадордун Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде Ковид-19дан 33 адам каза болуп, 1748 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адамдардын өлүмү 14 миң 229, ооруга чалдыккандардын саны 224 миң 315ке жетти.

Чилиде акыркы 24 сааттын ичинде 22 адамдын каза болушу менен Ковид-19дан көз жумгандардын 17 миң 204тү түздү. Өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 3 миң 390го көбөйүп 652 миң 525ке жетти.

Боливиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Ковид-19дан улам бир күндө 39 адам каза болуп, 2 миң 57 жаңы учур катталды. Өлкөдө вирустун айынан адамдардын өлүмү 9 миң 493кө, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 178 миң 818ге жогорулады.

Гватемаланын басма сөзүндөгү кабарларга караганда, акыркы 24 саатта Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 37ге көбөйүп 5 миң 117ге, ал эми жуктургандардын саны 14 миңге көбөйүп 145 миң 986га жетти.

Панаманын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде 33 адамдын каза болушу менен Ковид-19дан улам көз жумгандардын саны 4 миң 594кө жетти. Ооруга кабылгандардын саны 3 миң 315ке көбөйүп 288 миң 408ге жогорулады.

Пандемиянын кесепетинен 1 миң 660 адам каза болгон Данияда коронавирустун тезирээк жайылган В117 түрүнө байланыштуу 16-декабрда көрүлгөн чаралардын мөөнөтү 7-февралга чейин узартылды.

Германияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 1244 адамдын каза болушу менен жалпы сан 43 миң 881ге жетти. Акыркы сутка ичинде өлкөдө 25 миң 164 адамга Ковид-19 диагнозу коюлду. Ушундайча ооруга чалдыккандардын саны бир миллион 978 миң 590го жогорулады.

Ковид-19дан улам берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Польша 32 миң 74, Бельгия 20 миң 250, Украина 20 миң 214, Канада 17 миң 383, Румыния 16 миң 969, Чехия 13 миң 656, Нидерландия 12 миң 685 жана Венгрия 10 миң 948.



Тектеш кабарлар