ДСУнун илимпоздору Уханга барышты

Илимпоздор Ковид-19дун келип чыгуу себептерин иликтешет.

1563522
ДСУнун илимпоздору Уханга барышты

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) илимпоздору Ковид-19дун каякта жана кантип пайда болгонун кеңири иликтеш үчүн Уханга барышты.

Илимпоздор Ковид-19 башталган Ухань шаарында 1 ай болушат жана эпидемиянын келип чыгуу себептерин иликтешет.

Пекин администрациясынын каршы чыгышы, биринчи катталган учурларды иликтөө ишин кечеңдетүүгө себеп болгон эле.

Кытай вирусту жашыруу менен эрте алдын алууну кечеңдетти жана Ухань шаарында 2019-жылдын аягында башталган вирустун жайылышына жол берди деп айыпталууда.



Тектеш кабарлар