Венгрия 2 ПКК террористинин жазасын бекитти

Бул тууралуу Венгрия Маалымат Агенттиги (MTI) кабарлады.

1562586
Венгрия 2 ПКК террористинин жазасын бекитти

Венгрияда "терроризмди каржылаган" деп эки жылга эркинен ажыратылган жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын мүчөсү болгон жубайларга сот өкүмү чыкты.

Венгрия Маалымат Агенттиги (MTI) билдиргендей, 2019-жылы Сегед шаарында "терроризмди каржылаган" деген айып менен эки жылга кесилген жана 8 жылга Венгрияга кирүүгө тыюу салынган террордук уюм ЙПГ / ПККнын мүчөсү, үй-бүлөлүү жубайлардын өкүмү жогорку инстанцияда күчүндө калтырылды.

Биринчи соттун чечимин орундуу деп тапкан судья  Аттиланын Жоо, соттолуучулардын 5 жыл бою Түркияга каршы куралдуу кыймылдарды кылган уюмдун кыймылдары боюнча так маалыматы бар экендигин, ошондуктан алар үчүн чыгарылган өкүмдүн туура экендигин белгиледи.

Кабарда, биринчи сот отурумунда түрмөгө кесилгенден кийин, айыпталуучулар былтыр Венгриядан чыгып, Германияга кетип, ал жактан башпаанек сурашкан.

Улуту көрсөтүлө элек эркек соттолуучунун Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан террористтик уюм катары кабыл алынган ПККга 2009-жылы өз ыктыяры менен кошулгандыгы жана террористтин 2014-жылдан бери уюмдун Сириядагы кыймылдарына катышып жатканы белгиленди.

Ирандык деп айтылган аял соттолуучу 2010-жылы 15 жашында ПККнын катарына кошулуп, 2014-жылдан бери Сирияда күйөөсү сыяктуу уюмдун атынан иштеп келгени маалымдалды.

 Кабарда ошондой эле соттолуучулар 2015-жылы уюмдан чыгып баш кошкондору жана 2017-жылдын 6-декабрында адам сатуучулар аркылуу Венгриянын чек арасына барып, башпаанек сурагандыгы айтылган.

 

 



Тектеш кабарлар