Индонезияда кулаган учактын кара кутусу чыгарылды

Кырсыктын себептери жөнүндө ушул күнгө чейин расмий түшүндүрмө бербеген жетекчилер, анын себебин кара кутуну текшерүү менен аныктоого болорун билдиришти.

1562075
Индонезияда кулаган учактын кара кутусу чыгарылды

Индонезияда 9-январда кулаган жүргүнчү учагынын кара кутусу деңизден чыгарылды.

Индонезиянын Издөө-куткаруу агенттигинин кызматкерлери, кулап түшкөн жүргүнчү учагынын кара кутусунун деңиздеги калдыктарынын чыгарылганын жана кризистик борборго жеткириле турганын кабарлашты.

Кырсыктын себептери жөнүндө ушул күнгө чейин расмий түшүндүрмө бербеген жетекчилер, анын себебин кара кутуну текшерүү менен аныктоого болорун билдиришти.

Транспорт министри Буди Карья Сумади 9-январда өткөргөн маалымат жыйында, абага көтөрүлгөндөн болжол менен 5 мүнөттөн кийин байланыштын үзүлгөнүн жана ичинде экипаждын 12 мүчөсү менен 50 киши болгон "SJ182" жүргүнчү учагынын борбор шаар Жакартанын түндүк жээгиндеги Лаки менен Ланканг аралынын ортосундагы жерге кулаганын билдирген болчу.

Индонезиянын деңиз флоту, жүргүнчү учагынын калдыктары борбор шаар Жакартанын жээгинин түндүктөгү Thousand аралынын жээгинин төрт тарабына чачыраганын кабарлаган.

Окуя болгон жерде издөө иштери уланып жатат. 



Тектеш кабарлар