АКШда "чукул кырдаал" жарыяланды

Ак үйдүн билдирүүсүндө, Трамптын Байдендин 20-январдагы инаугурация салтанатына керектүү даярдыктарды көрүү үчүн "чукул кырдаал" жарыялаганы белгиленди.

1561915
АКШда "чукул кырдаал" жарыяланды

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп, өлкөнүн жаңы президенти Жо Байдендин 20-январдагы инаугурация салтанатына байланыштуу Вашингтондо "чукул кырдаал" жарыялады.

Ак үйдүн билдирүүсүндө, Трамптын Байдендин 20-январдагы инаугурация салтанатына керектүү даярдыктарды көрүү үчүн "чукул кырдаал" жарыялаганы белгиленди.

Өзгөчө кырдаалдын алкагында Трамптын Ички коопсуздук министрлигинин Федералдык чукул кырдаалды башкаруу агенттигине бардык шашылыш муктаждыктарды канааттандыруу тапшырмасын бергени белгиленди.

Трампты колдогон он миңдеген демонстранттар 6-январда Вашингтондун Улуттук паркына чогулуп, АКШ Конгрессине бет алышкан.

Полициянын тосмосунан өткөн демонстранттардын тобу Конгресске кирип келип, өлкөдө нааразычылыкты пайда кылган көрүнүштөр пайда болгон.

Кагылышууда бири полиция кызматкери 5 адам каза болуп, окуяларды токтотуу үчүн АКШнын Улуттук гвардиясынын бөлүктөрү Конгресске жөнөтүлгөн болчу.

Окуялардан кийин Өкүлдөр палатасынын демократ-спикери Нэнси Пелоси АКШнын вице-президенти Майк Пенсти Трампты Конституциянын 25-беренесине ылайык окуяны козуткандыгы үчүн кызматтан кетирүүгө чакырган.

Демократтар бүгүн Трампка каршы импичмент жараянын баштоо боюнча токтом долбоорун сунушташты.



Тектеш кабарлар