Жо Байден ЦРУнун башкармалыгына Уильям Дж. Бернсти талапкер көрсөттү

Байдендин командасынан берилген маалыматта  Бернстин АКШ жана коомчулуктун коопсуздугун сактоо боюнча тажрыйбалуу, үлгүлүү дипломат экендиги билдирилди.

1561450
Жо Байден  ЦРУнун башкармалыгына Уильям Дж. Бернсти талапкер көрсөттү

 3 - ноябрда Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине шайланган Жо Байден Уильям Дж. Бернсти Борбордук чалгындоо агенттигинин башкармалыгына талапкер көрсөттү.

Байдендин командасынан берилген маалыматта  Бернстин АКШ жана коомчулуктун коопсуздугун сактоо боюнча тажрыйбалуу, үлгүлүү дипломат экендиги билдирилди.

Билдирүүдө Байден ЦРУнун башкармалыгына талапкер көрсөткөн Бернстин өзүнө окшоп  чалгындоо иштеринин саясатка эч кандай тиешеси жок деп ойлогондугу белгиленген маалыматта : «Элчи Бернс коркутуулары  чек араларыбызга келбестен оболу тоскоол болуу жана булар менен беттешүү үчүн муктаж болгон маалымат, көз карашты алып келет»,- деди.

64 жаштагы АКШнын Орусиядагы  мурдагы элчиси Уильям Бернс АКШнын Мамлекеттик департаментинде 33 жыл кызмат кылган.



Тектеш кабарлар