Украинанын тышкы иштер министри : "Крым Россия үчүн ачык жара"

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба Крымдын Россия үчүн ачык жара экендигин жана Украинанын бул жарага туз сепкендигин билдирди.

1561472
Украинанын тышкы иштер министри : "Крым Россия үчүн ачык жара"

Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба Крымдын Россия үчүн ачык жара экендигин жана Украинанын бул жарага туз сепкендигин билдирди.

Кулеба "Обозревател" медиа уюмуна берген интервьюсунда Крым Платформасына болгон кызыгуудан  кубангандыгын жана демилгенин  канчалык орундуу экендигин көрсөткөнүн айтты.  

Россиянын платформага болгон мамилеси Крымдын алар үчүн ачык жара экендигин көрсөткөндүгүн айткан Кулеба, Украинанын бул жарага туз сепкендигин белгиледи.  Алынган маалыматтарга ылайык, Кулеба Россиянын платформанын  ийгиликсиз болушу үчүн бир топ тармакта колунан келгенди  аткарууга аракет кыларын сөздөрүнө кошту.

Россияны бул платформага чакырган Кулеба : «Крымдын кайтып келиши үчүн сүйлөшүү процессине муктажбыз. Сүйлөшүүлөрдө бир гана сүйлөшүлө турган маселе Россиянын Крымдан чыгышы жана Украинанын кайрадан эгемендигинин курулушу болот. Башка бир жагдайды сүйлөшпөйбүз»,- деди.

Мамлекет башчысы В. Зеленский бул жылы Киевде Россиянын мыйзам тышы аннекция кылган Крымды эл аралык күн тартибине алып келүү үчүн Крым Платформасынын ишке ашырыларын билдирген.



Тектеш кабарлар